• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сауд Аравиясында кыска юбка кийген кыздын видеосу текшерилүүдө

Дүйнө 0


Бишкек, 18-июль /Кабар/. Сауд Аравиясынын бийлик өкүлдөрү социалдык түйүндөрдө Ушайкир тарыхый жайында жаш кыздын кыска юбкачан жүргөн видеосун иликтөөнү баштаганын жазат Би би си. Ал видеодогу кыз аталган өлкөнүн модели Хулуд.

Бул видео социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратып, айрым сауд аравиячылар аны ислам ченемдерин бузгандыгы үчүн камаш керектигин айтышса, кээ бири кызды коргоого алышып, анын эр жүрөктүүлүгүнө баа берип жатышат.

Сауд Аравиясында аялдардын укугу чектелип, шариатка ылайык патриархалдуу формага ылайыкташкан.

Ал жакта аялдар башына жоолук салынып, денесин толугу менен жапкан кенен көйнөктөрдү кийүүгө милдеттүү.

Аларга ошондой эле, унаа башкарууга, бейтааныш эркектердин арасында жүрүүгө тыюу салынган.

Видеодо модель Хулуд Ушайкир тарыхый кыштагынын тар көчөлөрүнүн биринде баратканы тартылган.

Бул кыштак тарыхтын эстелиги катары бааланып, Надж провинциясында жайгашкан.

Надж-Сауд Ааравиясындагы консервативдүү аймактардын бири. Ал жакта 18-кылымда ваххабизмдин, исламдын суннит багытынын негиздөөчүсү Мухаммад ибн Абд аль-Ваххаб жарык дүйнөгө келген.

Ваххабизм ушул күнгө чейин сауд королдугунда колдонулуп келет.

Аталган видео өтө тез ылдамдыкта “Твиттерде” тарап кеткен. Ал жерде кызды жазалоого үндөгөндөр менен аны коргогондор болуп экиге бөлүнүү орун алган.

Дүйшөмбү күнү “Okaz” гезити Ушайкирдин расмий бийлиги провинциянын губернаторун жана полициясын видеодогу аялга карата чара көрүүгө чакырган деп жазат.

Пикир

Оставить комментарий