• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шаардык тез жардам ооруканасынын аймагында эки жаңы корпус пайда болот

Коом 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. №4 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын аймагында үч кабаттуу эки жаңы корпус пайда болот. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, долбоордун баасы 9 млн АКШ долларын түзөт. Имараттардын курулушу Катардын кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланат.

“Жаңы корпустарда 5 бөлүм жайгаштырылат. Учурда корпустардын эскиздик долбоорлору иштелип, долбоордук-сметалык баасы такталууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий