• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо-2020. 482 миңге жакын жаран форма 2 боюнча шайлоо тилкелерин алмаштырган

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 481 миң 950 жаран форма 2 - шайлоо дарегин алмаштыруу боюнча арыз берди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы (парламенттик шайлоо) 297 миң 327 жаран форма 2 боюнча шайлоо тилкесин алмаштырса, 2017-жылы (президенттик шайлоо) 315 миң 461 жаран форма 2 боюнча шайлоо тилкесин алмаштырган.

"Форма 2 боюнча 481 миң 950 жаран арыз берген. Арыздардын көбү Бишкек шаарына туура келди. Бишкек шаарында - 151 миң 557 шайлоочу, Ош шаарында - 42 миң 467, Баткен облусунда - 7 миң 213, Жалал-Абад облусунда - 57 миң 387, Нарын облусунда - 16 миң 617, Ош облусунда - 55 миң 589, Талас облусунда - 18 миң 758, Чүй облусунда - 114 миң 585, Ысык-Көл облусунда - 15 миң 999 жаран арыз калтырган. Тышкы иштер министрлиги боюнча чет жердеги шайлоо тилкелеринде 1 миң 620 арыз түшкөн", - деди ал.

Эскерте кетсек, быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү болуп өтөт. Парламенттик шайлоого 16 партия катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий