• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо-2020: Тышкы иштер министрлигине 10 млн сом бөлүнүп берилди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу Тышкы иштер министрлигине 10 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

"Чет жерде жүргөн жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу үчүн Тышкы иштер министрлигине 10 млн сом бөлүнүп берилди. Бүгүнкү күнү жалпы 2 миң 462 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп жатат. Анын ичинде өлкө сыртында 44 шайлоо тилкеси бар", - деди ал.

Анын айтымында, быйыл 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн БШКга 722,9 млн сом бөлүп берүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий