• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акрам Мадумаров шайлоого келген жарандарды аралыкты жана беткап тагынуу тартибин сактоого чакырды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 2 миң 430 шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле өлкө аймагынан тышкары жүргөн мекендештерге добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө 45 шайлоо тилкеси ачылды. "Добуш берүүгө 18 жашка толгон жана биометрикалык каттодон өткөн Кыргыз Республикасынын 3 млн 523 миң 554 жараны катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, тилекке каршы биометрикалык каттоодон өтпөй калган 429 миң 392 жаран өз шайлоо укугунан пайдалана албайт", - деп кошумчалады Мадумаров.

"Өлкөдө жана дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясына байланышкан кырдаал орун алып жатканда, бардык шайлоочуларды эпидемиологиялык абалдын начарлатпоо үчүн социалдык аралыкты жана беткап тагынуу тартибин сактоого чакырам ", - деди вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, шайлоо участкаларында санитардык талаптарды бузуу учурунда, ошондой эле техникалык-уюштуруу көйгөйлөр боюнча кайрылуу жана даттанууларды кабыл алуу боюнча колл-борбор саат 8ден 20га чейин иштейт: 0(312) 662858, 0(312) 625119 ,0(312) 662851, 0(312) 961454, 0(312) 960311, 0(312) 666197.

Пикир

Оставить комментарий