• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо-2021: БШК 12 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 2020-жылы 7-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБдун (БДИПЧ) 12 өкүлүн аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 7-декабрына карата БШК дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 7 эл аралык уюмдун өкүлү болуп саналган 55 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.

Ханнс Зайделдин Фондунун КРдеги өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;
Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;
Молдова БШК – 2 байкоочу;
КМШ ПАА – 34 байкоочу;
КМШ миссиясы – 4 байкоочу;
Азербайжан БШК – 1 байкоочу;
ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБ (БДИПЧ) – 12 байкоочу.

Пикир

Оставить комментарий