• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дө өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түзөт.

Партияларды шайлоо үчүн жалпы 3 млн 702 миң 646 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде 2 млн 970 миң157, орус тилинде 732 миң 489 бюллетень бар. Мындан тышкары, 2 миң 494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүү үчүн 3 млн 625 миң 277 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде 2 млн 928 миң 810, орус тилинде 696 миң 467, Брайль ариби менен 2 миң 435 бюллетень жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий