• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо босогосу 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүлдү. Мыйзамга президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Аталган конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине өтүүсү үчүн 9% шайлоо тосмосун 7%га түшүрүү максатында кабыл алынган.

Аталган максатта кабыл алынган конституциялык Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 2- жана 3-бѳлүктѳрүнѳ тиешелүү ѳзгѳртүү киргизилген.

Конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

Пикир

Оставить комментарий