• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо тилкелеринде 5 миң 728 медицина кызматкери иштеп жатат - Үсөнбаев

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Парламенттик шайлоого карата ачылган шайлоо тилкелеринде 5 миң 728 медицина кызматкери иштеп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал быйыл шайлоо коронавирус шартында өтүп жатканын айтып, бардык шайлоочуларды санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

"Шайлоо процесси Саламаттык сактоо министрлигиг тарабынан бекитилген алгоритмге ылайык уюштурулду. Шайлоо тилкелеринде 5 миң 728 медицина кызматкери иштеп жатат. Жарандар өзүн жаман сезип калса, аларга жардам берүү үчүн бардык даярдыктар көрүлгөн. Шайлоо тилкелеринде санитайзерлер коюлуп, беткаптар камдалган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий