• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шамбесай алтын кенинин айланасындагы абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Баткендеги Шамбесай алтын кенинин айланасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында жайгашкан Шамбесай алтын кенин иштетүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн КРнын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык эксперти, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Кадамжай районун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, 60ка жакын жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

“Жетекчилер Шамбесай алтын кенин ачуу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алтын кен чыккан жердин кыртышына изилдөө жүргүзүү үчүн барышкан. Жолугушууда жергиликтүү тургундардын арасынан кенди иштетүүгө каршы экендигин билдиргендер болгон. Жолугушуу учурунда ички иштер кызматкерлери тарабынан коомдук тартип сакталып,мыйзам бузууларга жол берилген жок”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий