• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шамш Кассим Лакха: "Таза коом” долбоору – Кыргызстан үчүн абдан жакшы багыт”

Экономика 0

Бишкек, 6-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. "Таза коом” долбоору – Кыргызстан үчүн абдан жакшы багыт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Ага Хан Өнүктүрүү түйүнүнүн өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим Лакха КР Президентинин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков менен жолугушууда билдирди.

“Бул Кыргызстандын саясий эрки бар экендигинен кабар берет. Мен бир нече учурга көңүл бурдургум келет. Бул аракеттеше алуучу программалык камсыздоо, бирок адамдар бул санариптик мейкиндикти колдонууга даяр эмес. Смартфондордон жана лептоптордон ары кетүү зарыл” , -деди Шамш Кассим Лакха

Ошондой эле, ал алды менен мектептерге басым жасоо керектигин белгиледи. Билим берүү жана илим министрлиги бул командада болуп, иштөөсү керек. Анын пикиринде, бул өңүттөн алганда университеттер жакшы иштеп жатышат жана аларды инженерлерди көп даярдап чыгарууга демилгелөө зарыл.

“Кыргызстан бул багытта жылып бара жаткандыгы мени шыктандырат. Биз иштөөгө даярбыз. Учурда Нарын университети менен иштешебиз. Бирок укуктук түзүм болушу шарт. Адамдар бул ишкерликке жөн эле кире алышпайт”, -деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий