• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: 2-3-сентябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. 2-3-сентябрларда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөйт: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 11…16°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 9…14°, күндүз 19…24°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий