• 86.15
  • 93.74
  • 1.24

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

996 кароо Саясат 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу КР ТИМ башчысынын орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, визиттин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

"Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ратификациялык грамоталарды алмашуусу күтүлүүдө", - деди ал.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий