• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шейшемби күнү Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. "Ак-Жар", "Ак-Бата", "Келечек" суу кампаларында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 26-ноябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек кичи райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Андан тышкары, №43 толук эмес орто билим берүү мектебинде жана № 21 муниципалдык аймактык башкармалыгында суу жок болот.

Ичүүчү суу убактылуу өчүрүлгөнүнө байланыштуу 26-ноябрда мектепте дем алыш күнү белгиленет.



Пикир

Оставить комментарий