• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУ өлкөлөрүнүн бизнесмендери Кыргызстанда инвесторлор кандай корголоруна кызыгышты

Экономика 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда инвесторлордун укугун коргоо маселесине кызыгышты. Бишкектеги "ШКУ: Кызматташуунун чектерин кеңейтүү" бизнес-форумунда катышуучулардын бири, Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча объекттерди курууга перспектива бар экенин айтып, ошол эле учурда бизнестин, мыйзам жагы боюнча чочулоолору бар экенин белгиледи. Маселен, ал менчик жана чет элдик инвесторлордун укуктары боюнча маселени айтып өттү.

Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу, өлкөдө эл аралык инвестицияларды коргоо боюнча мамлекеттер аралык макулдашуулар тааныларын белгиледи.

"Ал жерде инвестиция кандай корголору, аны менен катар эл аралык аренада кандай корголору жазылган. Ошондой эле биздин мыйзамдар, менчик кепилдиги бар", - деди ал.

Шумкарбек Адылбек уулу белгилегендей, практикалык жана административдик түрдө жардам берүү үчүн Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү агенттиги түзүлгөн.

"Биз продукциянын экспортуна жардам бере алабыз. Экономика министрлиги тарабынан бизнес-акыйкатчы кызматы тууралуу мыйзам долбоорун түзүлүп, ал иштерди сотко жеткирбей чечип турат. Өлкөсүнө карабай, чет элдик инвесторлор ата мекендик инвестор менен катар корголот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий