• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУ саммити: КР президентинин аппараты коноктор кайсы жерде жашарын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин аппараты Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине келген коноктор кайсы жерде жашай турганын айтып берди.

Президент аппаратынын Иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев белгилегендей, Монголиянын президенти жана Индиянын премьер-министринен башка ШКУ саммитинин коноктору Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында жайгашат.

"Резиденцияда ар бир лидерге бирден хансарай берилет. Алардын баарында оңдоо иштери жүргүзүлдү", - деди ал.

Бекбоев билдиргендей, делегация мүчөлөрү мейманканаларда турушат.

"Хансарайларда лидерлер гана жана аларды коштоп жүргөндөр турушат", - деди ал.

Монголиянын президенти менен Индиянын премьер-министри шаарда калууну кааларын айтышкан.

Мамлекеттик резиденцияда жалпы 15 лидер жайгаша алат.

Пикир

Оставить комментарий