• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Швецияда өзбекстандык жаран теракт үчүн жети жылга соттолду

Дүйнө 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Швеция башкалаасына жакын Солна округдук соту өзбекстандык 46 жаштагы адамды теракт даярдоого аракет кылганы үчүн жети жылга эркинен ажыратты. Мурдагы аты-жөнү Фархад Ташмухаммедов, азыркы ысымы Девид Идриссон камак мөөнөтүн өтөгөндөн кийин Швециядан депортацияланат.

Швеция прокуратурасынын маалыматына караганда, ал "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөсү менен такай байланышта болгон. Соттогу көрсөтмөлөргө ылайык, ал соода борборун жана темир жол бекетин жардырууну пландаган.

Швецияда терроризм боюнча айыпталып жаткан кыргыз жана өзбек жарандарынын соту 7-январда башталган. Алардын бешөө - өзбекстандык, бир адам - кыргызстандык. Бирок соттолуучулар айыптарды четке кагып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий