• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта үч мектеп окуучусу сууга чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.24./Кабар/. Сокулукта үч мектеп окуучусу сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя күн мурун, 26-январда Сокулук районунун Сокулук айылында орун алган.

8 жаштагы П.Н., К.Б., Х.А. аттуу балдар аталган айылдын Октябрь көчөсүндөгү көлмөнүн үстүндө тоңгон музда ойноп жатып, сууга түшүп кетишкен.

Суудан 2 баланын сөөгү милиция кызматкерлери тарабынан чыгарылып, ал эми 1 баланын сөөгү ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылган.

"Балдардын сөөгүн кароодо зордук-зомбулук белгилери жана жаракаттар табылган эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий