• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта турак үй толугу менен күйдү

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Сокулукта турак үй толугу менен күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Ордо 3 жаңы конушунда жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.

Жеринде ӨКМден өрт өчүрүүчү 1 бөлүм жана 1 камАЗ унаасы иш алып барган. Өрт саат 05:39да чектөөгө алынып, саат 07:00дө толук өчүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий