• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Карыздын айынан таанышын бычак менен өлтүргөн эки киши кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 08:30 чамаларында Аламүдүн РИИБүнө Дордой-2 жаңы конушунда эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Ал жерден болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек кишинин сөөгү табылып, кароо учурунда анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (Эски редакциясы) 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, каза болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал 1969-жылы туулган Д.М. экендиги такталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү эки жарандын өздүктөрү аныкталган.

2021-жылдын 26-ноябрь күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында шектүүлөрдүн бири 1985-жылы туулган Р.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийиш Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалган.

2021-жылдын 16-декабрында буга чейин катталган кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (Киши өлтүрүү) кайра квалификацияланып 2021-жылдын 26-декабрында топтолгон материал сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Жогорудагы иш боюнча шектүүлөрдүн экинчиси ИИОнун кызматкерлеринен жашынып жүргөндүктөн ал боюнча өзүнчө матириал бөлүнүп өндүрүшкө алынып, шектүүгө карата издөө жарыяланган.

Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылдат жүргүзүлгөн иш аракеттерин негизинде 2022-жылдын 28-январында жогорудагы кылмышка шектүүлөрдүн экинчиси 1969-жылы туулган У.Р., аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ортодогу карыз акчадан улам окуя мас абалында чыгып, уруша кетишкен. Шектүүлөр каза болгон жаранга бачак менен денесине бир нече залал келтирип, жыйынтыгында алган жаракатынан улам ал каза болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий