• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң Чүй каналында адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда Чоң Чүй каналынан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталган маалымат боюнча, Аламүдүн айылынын Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында (БЧК) белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, суудан болжол менен 45-50 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий