• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК «Ынтымак» партиясынан Талант Мамытовдун талапкерлигин каттоодон баш тартты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. КР Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 24-октябрдагы отурумунда №7 талапкер Талант Мамытовдон башка “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоону чечти, деп билдирет БШКнын басма сөз кызматы.

“КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып Жогорку Кеңештин депутатын же президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматкер кызматын же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот. Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматы учурдагы мыйзамдар боюнча саясий мамлекеттик кызмат катары көрсөтүлгөн.

ЖК төрагасы Т.Мамытов конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин талаптарын сактабагандыктан, аны “Ынтымак” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу менен алдыдагы парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты. БШК партиядан 53 талапкерди каттады.

Пикир

Оставить комментарий