• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта жаш жигит сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.20 /Кабар/. 26-майда саат 17:00дө Сокулук районунун Фрунзе айылындагы “Восточное” көлүнө 20 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге келген 9 куткаруучу сууга чөгүп кеткен жигиттин сөөгүн алып чыгып, милицияга кызматкерлерине өткөрүп беришти.

ӨКМ жарандарды сууга түшүү маалында коопсуздук чараларын сактоого жана жашы жете элек балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий