• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сосновка айылында кайрымдуулук фонддун имаратында өрт чыккан

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгочө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Сосновка айылынын Западная көчөсүндө жайгашкан имараттын очогунда өрт чыккан. Жыйынтыгында анын жыгач чатыры жана эки кабат имараттын полу күйгөн. Имарат “Явна” кайрымдуулук фондуна таандык. Өрттүн себеби такталууда.

Андан тышкары, Бишкекте Каралаев менен Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кудукта таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ал эми Таш-Көмүр шаарынын Чыныбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби азырынча белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий