• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы расмий иш-кагаздардын жасалмалангандыгы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагындагы расмий иш-кагаздардын жасалмалангандыгы аныкталды, - деп кабарлайт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, адамдардын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын камсыздоо максатында КР Башкы прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштөр боюнча ички иштер органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгү текшерилди.

Алсак, 2019-жылдын 26-октябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Ала-Тоо 3 конушунда уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бирок, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө тергөө органдары тарабынан бир дагы тергөө иши жүргүзүлбөгөндүгү, өздөрүнүн иштеринин натыйжалуулугун, көрсөткүчтөрүн көбөйтүп көрсөтүү максатында, жасалма жол менен расмий документтер бурмаланып, жазык иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштөр мыйзамсыз кыскартылгандыгы аныкталган. Тактап айтканда, 2021-жылдын 27-мартында Сокулук РИИБнин жооптуу кызматкерлери жабырлануучунун (К.Ж.) ишти кыскартуу боюнча тосмо арызынын кол тамгасын жасалмалап, жалган маалыматтарды киргизип, жазык ишти мыйзамсыз кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алышкан. Ошондой эле жабырлануучу К.Ж. атынан сурак протоколу да бурмаланып, анын кол тамгасы жасалмалангандыгы такталган.

Мындан сырткары, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоо жана каттоо тартибин текшерүү учурунда, аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан башка дагы эки жазык иштери боюнча жабырлануучулардын ишти кыскартуу тууралуу арыздары бурмаланып, кол тамгалары жасалмалангандыгынын натыйжасында жазык иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштөр мыйзамсыз кыскартылгандыгы тастыкталган.

Бул фактылар боюнча Башкы прокуратура тарабынан топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 342-беренеси (далилдерди бурмалоо) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий