• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: 237 адамдан COVID-19 табылып, беш бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 26-августка карата коронавирус дагы 237 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 111, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 52, Ош облусу – 6, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусу - 8 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 422 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 215 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 643 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 813 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 12 киши айыгып чыкса, 2 миң 503 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий