• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Акыркы суткада 247 адамдан коронавирус табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 7-январга карата коронавирус 247 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 151, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 58 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 324 бейтап, амбулатордук түрдө 692 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 185 миң 484 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 166 киши айыгып чыкса, 2 миң 814 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий