• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Акыркы суткада 93 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 19-октябрга карата коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 49, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 527 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий