• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 92 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 1 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 92 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 51 адамдан, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда - 5, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Жалал - Абад облусунда - 10 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 177 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 51, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 53, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда 10 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 375 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкекте - 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 810 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 113 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 050 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 587 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 358 киши айыгып чыкса, 1 миң 375 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий