• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Судьяларды ротациялоо жемкорлукту азайтат

Коом 0


Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде кол койгон жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьялары башка жергиликтүү сотторго которулду.

Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык, жергиликтүү сотторунун айрым судьялары которулду.

Жалал-Абаддын Аксы райондук сотунун судьясы Азат Доулбеков алты жылдан бери судьялык кесипти аркалап келе жаткандыгын айтты.

“Сот системасында 2012-жылдан бери иштеп келе жатам. Ага чейин Улуттук университетинин юридикалык бөлүмүндө иштегем”, - дейт Доулбеков.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен которулган судьялардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий