• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сулайман-Тоо музей комплексинде "Санарип архив бөлмөсү" ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31.10.23./Кабар/. Сулайман-Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинде "Санарип архив бөлмөсү" ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Азия маданият борборунун директорунун орун басары Ли Жонгран, Бейзаттык маданий мурастарды изилдөө борборунун директору Хам Ханки жана башкалар катышты.

Министрдин орун басары Айнура Аскарова Кыргызстандын музейлерин модернизациялоо, санариптештирүү, инновациялоо боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борбору Кыргыз Республикасында маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана маданият жаатындагы контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү өнөктөштүк долбоорунун алкагында чоң иштер жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.

Ошондой эле ал, долбоордун алкагында иштелип чыккан Музейлердин маалымат системасы аркылуу уникалдуу музей буюмдары, музей коллекциялары, тарыхый булактарды жана баалуулуктар жөнүндө, музейлердин локациясы менен кеңири таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын кошумчалап, ушундай эле бөлмөлөр Кыргыз Республикасынын Улутук тарых музейинде, Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде жана Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы борборунда ачылып, музей буюмдары жөнүндө кеңири маалыматтарды камтыган Музейлердин маалымат системасын толтуруу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Мындай иш аракет тарыхый мурастын маанисин ачып берүү жана аны коомчулукка жеткирүү багытын камтыган ишетери үчүн Корея Республикасы Азия маданият борборуна ыраазычылык билдирди.

Ушундай эле "Санарип архив бөлмө"1- ноябрь күнү М. Фрунзе үй-музеинде ачылат.

Пикир

Оставить комментарий