• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде күрүчтү мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Баткенде күрүчтү мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Раззаков – Баткен - Ош унаа жолунда Н.У.Д. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Mercedes-Benz 518 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан салмагы 24 килограммдан болгон 120 кап күрүч табылган. Ошондой эле жүккө тандык бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2880 кг болгон.

Жагдайлар такталып, маселе негизи боюнча чечилгенге чейин товар жана унаа “Т.К.Ж.” (башкы тамгалар өзгөртүлдү) ЖЧКсынын кампасына коюлган.

Факт боюнча чогултулган материалдар Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын Бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий