• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сулайман-Тоодон таш кулап, үйдүн дубалын тешип кеткен — видео

Кырсык 0


Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тоосунан таш кулап, үйдүн дубалын тешип кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Таштын кулашына туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын себеп болгондугу айтылат.

"Таш Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан турак жайдын дубалын тешип кеткен.Үйдүн ээси куткаруучуларга 24-февралда кайрылган. Анын негизинде жерине сегиз куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты шаймандардын жардамы менен майдалап, сыртка чыгарып беришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий