• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жазды утурлай. Бишкекте арыктарды тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Жаздын келиши менен "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борборду көрктөндүрүү иштерин күчөттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, учурда ишкананын кызматкерлери шаардын ирригациялык тармагын тазалоо иштерин кызуу жүргүзүүдө.

"Аалы Токомбаев, Айтиев, Абдрахманов-Пушкин, Жибек Жолу, Тоголок Молдо, Үсөнбаев көчөлөрүндө жана Тынчтык проспектисинде арыктарды кол менен тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Бишкек мэриясы жарандарды арыктарга таштанды таштабоого, муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий