• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сурабалдиева Байтиктеги окуучулардын массалык ууланышынын себептерин иликтөөнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусунун Байтик айылынын мектебиндеги 23 окуучунун уулануу себебин иликтеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден-соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек», - деди Эльвира Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда жабыркаган балдар дарыланып жаткан Шаардык балдар клиникалык ооруканасында алардын абалынан кабар алып жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий