• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде 3 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында турак үйдүн короосунда ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү женил унаасынын астындагы электр зымдары күйгөн.

Талас шаарынын Жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры, бастырманын 100 чарчы метр пластик чатыры жана үй буюмдары күйгөн.

Кара-Көл шаарында “Daewoo Labo” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий