• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 245 изилдөө жүргүзүлдү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 245 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 15 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1365ке жетти. Алардын ичинен 957 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий