• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте орнотулган блокпосттордо 144 медициналык кызматкер нөөмөттө турат

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаары боюнча 12 карантиндик-санитардык блокпост бар, графикке ылайык, ал жерлерде саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери нөөмөттө турат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ар бир постто 4 адамдан нөөмөттө турат, эки кызматкер күндүзү, ал эми дагы эки кызматкер түнкү убакытта текшерүүлөрдү жүргүзөт (7.30дан 19.30 чейин жана 19.30дан эртең мененки саат 7.30 чейин).

"Коопсуздукту камсыз кылуу максатында дарыгерлер керектүү болгон коргоочу каражаттар менен камсыз болгон: коргоочу кийимдер, антисептик, коргоочу көз айнек, колкап жана респиратор", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий