• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 281 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 281 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 526 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ге жетти. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 66 адам (+4 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий