• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда “Мерседец-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылында жыгач устундуу тунике менен жабылган жалпы аянты 96 чарчы метр болгон 3 бөлмөлү турак үй толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Чүй облусунун Токмок шаарында турак үйдүн от жагычуу бөлмөсүнүн 3 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган аянты 72 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарайдын чатыры толугу менен жана ичинде 1000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий