• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүк 100 чарчы метр чатыры жана 10 чарчы метр жайкы ашканасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Заря айылында “Мерседес Вито” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 152 чарчы метр чатыры, мончонун 15 чарчы метр чатыры жана 6 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылында турак үйдүн 20 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий