• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Бир сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Ош облусунда 7, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылында жыгач устундуу шифер жабылган жалпы аянты 50 чарчы метр болгон бастырма толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыш-Абад айылында жыгач устундуу шифер жабылган 60 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий