• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө экстремисттик материалдарды таркатууга шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Чүйдө экстремисттик материалдарды таркатууга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш иштеринин натыйжасында Кыргызстанды тыюу салынган диний уюмдардын биринин мүчөсү жана ошол эле уюмдун аялдар канатынын активдүү мүчөсү, буга чейин соттолгон Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы жашоочусу А.Б. аттуу аял кармалган.

Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүрүш иштеринин натыйжасында жогорудагы аял экстремисттик маанидеги материалдарды социалдык түйүндөр аркылуу жайылтканы аныкталып, аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча катталып, алынган материал тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, таркатылган материалда экстремисттик маанилер камтылганы аныкталган.

Чүй облусунун ИИББнин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы аял Жалал-Абад облусунун Аксы районунан кармалып, Аламүдүн райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий