• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 19 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 19 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 13, Ош шаарында 3, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

"Бир күн ичинде 7 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды”, - деди ал.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 648 учур катталды, алардын ичинен 396 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, 25-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3954 учур катталды. Алардын ичинен 648и медицина кызматкери. Илдеттен 2112 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 43 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий