• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 медик ооруп калган.

“Бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 12 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3116 учур катталды, алардын ичинен 2409 медкызматкер айыгып чыккан”, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 459ду түзөт. Алардын ичинен 37 миң 492 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий