• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн мору күйгөн. Өрттүн себеби коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жалпы аянты 25 чарчы метр болгон мончо күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында турак үйдүн 45 чарчы метр ички жасалгасы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жалпы аянты 225 чарчы метр унаа майын алмаштыруучу жай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында жыгач устундуу тунуке жабылган эки кабаттуу мал сарайдын 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий