• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суучулдар эки айда Ысык-Көлдөн 5 тоннадан ашуун таштанды алып чыкты

Аймак 0


Бишкек. 31.05.23. /Кабар/. ӨКМдин суучулдары үстүбүздөгү жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн астынан 85 миң балык уулоочу тор чыгарышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпы 66 күн ичинде көлдүн 193 гектардан ашык аянты тазаланып, суу астынан 5 тонна 470 кг таштанды терилди.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө 12-мартта башталган.

Пикир

Оставить комментарий