• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суусамыр суусуна агып кеткен айылдык кеңештин депутатынын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Суусамыр суусуна 11-майда 42 жаштагы И.Б. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 21 куткаруучу, алты суучул, 10 милиция кызматкери жана туугандарынан 15 адам тартылган.

Аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Айрым ЖМКлардын маалыматына ылайык, сууга агып кеткен адам Панфилов районундагы айылдык кеңештин депутаты Бакир Исаков болгон.

Пикир

Оставить комментарий