• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда 26,8 миң куб метр кар атып түшүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Суусамыр – Талас – Тараз жолунда 26 миң 800 куб метр кар атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-мартта КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Н. Төрөкуловдун жетекчилиги менен кар көчкүлөрдү атып түшүрүү үчүн ыкчам топ түзүлгөн.

Мажбурлап кар көчкүлөрдү түшүрүүнүн негизги максаты – жол кырсыктарынын алдын алып, адам өмүрүн сактоо, облустар аралык стратегиялык жолго кар көчкү түшүүсүн болтурбоо.

Түзүлгөн ыкчам топ Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда мажбурлап кар көчкүлөрдү түшүрүү иштерин уюштурушту. Анын натыйжасында жолдун 8,5-9-11-чакырым аралыгында жалпы 12 даана снаряд атылып, көлөмү 26 миң 800 куб кар көчкүсү түшүрүлдү.

ӨКМдин маалымат кызматы кошумчалагандай, иш-чаранын натыйжасында аталган тилкелер коопсуздандырылды.

Пикир

Оставить комментарий