• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта 26 жаштагы жигит ачкачылыктын айынан айдоочуга кол салган

Укук тартиби 0


Ош, 29.10.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 26-жаштагы эркек киши таксинин айдоочусун тоноп кеткен. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ведомстводон билдиргендей, 11-октябрь күнү болжол менен саат 21:00дөр чамасында “Бергбай” такси кызматынын 27 жаштагы кызматкери “Тойота Ист” автоунаасы менен Жалал-Абаддын борбордук базарынын тегерегинде турганда 25-26 жаштагы жигит келип Санпа аттуу жерге жеткизүүсүн суранган. Кардар Бишкектен жүктү тосуп алуу керек экендигин айткан.

Жерине жеткенде жүргүнчү түшүп, бир нече убакыт эшикте туруп кайра унаага кирип айдоочуну желкеге жана кулак жакка бычак менен уруп жиберген. Айдоочу унаасын таштап качып жөнөгөн. Жолдон аны бейтааныш киши ооруканага жеткирген.

Каракчылык кылган адам унааны айдап Бишкекке жөнөгөн, бирок жолдон жол кырсыгына кабылып, унааны таштап качып кеткен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 26-октябрда Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын 26-жаштагы Ж. уулу М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалгандын айтымында, ал акчанын жоктугунан жана ачкалыктын кесепетинен таксисти тоноого барган.

Пикир

Оставить комментарий